Рудольф Нуреев
Нуриев Рудольф Хаметович (17. 3. 1938, Иркутск – 6. 1. 1993, Париж) – советтик жанабритандык балет артисти, балетмейстер. Бала чагынан эле Уфа шаарында балдар фольклордук ансамблинде бийлеп жүргөн. 1955-жылы Ленинград хореографиялык окуу жайында А. Пушкиндин классында бирди окуган. 1958-жылдан С. М. Киров атындагы (азыркы Мария) опера жана балет театрында балет солисти. 1961-жылы Парижде гастролдо болуп, СССРге кайтпай калып калган. Нуриев 15 жылдан ашык Лондондук Королдук балетте иштеп, дүйнөлүк атакка ээ болгон, англиялык балерина Марго Фонтейн менен дайыма бийлеген. Бүткүл дүйнөнү кыдырып (Европа, АКШ, Япония, Австралия жана башка) бийлеп чыккан. 1983–89-жылы Нуриев париждик Граноперанын балеттик труппасынын директору болгон. Иркутскиде Нуриевдин мемориалдык тактасы орнотулган. Уфа шаарында жыл сайын Р. Нуриев атындагы балет искусствосунун эл аралык, Казанда 1987-жылдан Р. Нуриев атындагы эл аралык фестивалдар өткөрүлүп турат. Башкыр мамлекеттик опе��а, балет жана хореографиялык окуу жайы анын ысмында.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7