Мазмунга өтүү

Табулятор

Википедия долбоорунан

Табулятор (лат. tabula - тактай, таблица, жазуу, документ) - перфорациялык картага көзөнөк түрүндө түшүрүлгөн сандуу жана тамгалуу информацияны автоматтык жол менен иштеп чыга турган жана натыйжасын кагаз тасмага же атайын бланкага (табуляграммага) жазып берүүчү электр-механикалык эсептегич машина.

Ал башкаргыч блоктон, перфокартадагы информацияны киргизгич түзүлүштөн, арифметикалык жана эске туткуч түзүлүштөрдөн, информацияны басуучу же перфокартага чыгаруучу түзүлүштөн жана жыйынтыктагыч перфоратор��он турат. Берилген информациянын мүнөзүнө жараша Табулятор цифралуу жана алфавит-цифралуу болуп айырмаланат. Табулятор перфокартадагы информация боюнча түрдүү режимде иштей алат: информацияны сап түрүндө басат, жыйынтыгын кошот, кемитет жана салыштырат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.