Родопи тоолору
Көрүнүш
Родопи тоолору — Балкан жарым аралында, Болгария менен Грекиянын аймагында. Узундугу 240 км. Эң бийик жери 2191 м (Голям-Перелик чокусу). Негизинен акиташ теги менен кумдуктардан түзүлгөн. Байыркы тайпак жерлер мүнөздүү, андан айрым токол тоолор көтөрүлүп жатат, түндүк капталдарын жазы жана ийне жалбырактуу токой, субальп шалбаасы; түштүгүн жер ортолук деңиздик бадалдар ээлейт. Коргошун-цинк кен таштары (Мадан ж. б.) чыгат. Минералдуу булактар, курорттор (Пампорово, Велинград, Нареченски-Бани ж. б.), бир нече резерваттар бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9