Останкино мунарасы
Көрүнүш
Останкино мунарасы – Москва шаарында жайгашкан телекөрсөтүү жана радио берүү мунарасы. Бийиктиги – 540 м, дүйнөдө бийиктиги боюнча бешинчи орунда турат. Башкы конструктору – Н. В. Никитин, башкы архитектору – Л. И. Баталов. 1960–67-ж. курулуп, ошол учурда дүйнөдөгү эң бийик имарат болгон. Мунарадан телеканалдардын жана радиостанциялардын программалары берилет. Кароо аянтчалары, концерт жана конференция залдары, «Жетинчи асман» рестораны бар. Метеорологиялык обсерватория да жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7