Мазмунга өтүү

Заара-жыныс системасы

Википедия дан
1. Заара бөлүп чыгаруу системасы: 2. Бөйрөк 3. Бөйрөк күлтүгү 4. Сийдик түтүкчөлөрү 5. Табарсык 6. Заара чыгаруучу канал.
7. Бөйрөк үстүндөгү без
Кан тамырлар: 8. Бөйрөк артериясы жана венасы 9. Алдыңкы көңдөй вена 10. Курсак көңдөйүнүн аортасы11. Жалпы жамбаш артериясы жана венасыБашка органдар: 12. Боор 13. Жоон ичеги 14. Жамбаш сөөк
Эркектин заара-жыныс тутуму
Аялдын заара-жыныс тутуму
Аялдын жамбаш органдары

Заара-жыныс системасы заара пайда кылуучу, заара бөлүп чыгаруучу жана жыныс органдарын бириктирет.

Заара-жыныс системасы өздөрүнүн өөрчүү жана айрым кызматтары менен окшош келет. Алсак, эркектин сырткы жыныс мүчөсү сийдик жана эркектик урук (сперма) да чыгарат. Ал эми аялдардыкы жыныс жолу заара түтүкчөсүнөн башка болуп, экөө тең кын босогосуна ачылат. Азыркы анатомияда Заара-жыныс системасы эки органдар системасына бөлүнөт: заара пайда кылуучу жана аны бөлүп чыгаруучу — заара бөлүп чыгаруу системасы жана көбөйүү кызматын аткаруучу — ички жана сырткы жыныс органдары.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8