Дойра
Көрүнүш
Дойра ��� өзбек, тажик жана уйгур элдеринин урма музыкалык аспабы. Өзбекстан, Тажикстанга жана Закавказье республикаларына кеңири тараган. Алкагы жыгачтан жасалып (диаметри 400 мм), анын ички бетине металл шакекчелер тагылат. Алкактын бир жагы жаргак менен капталат. Дойраны манжа менен уруп ойногондо алкак ичинде кадалган металл шакекчелерден ар кыл тембрдеги үн чыгат. Дойра эл аспаптар оркестринде жана ансамблдерде колдонулат. Эл бийлери да көбүнчө дойра менен коштолот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1