Гваделупа
Гваделупа - Франциянын деңиздеги алыскы депертаменти (1946). Кариб деңизиндеги Кичи Антил архипелагынын (Айдарым аралдар тобуна) борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Жакын жаткан аралдары менен (Мари-Галант, Дезирад, Ле-Сент, Сент-Бартельми, Птит-Тер, Сен-Мартин аралынын түндүк бөлүгү) Гваделупанын курамына кирет. Аянты 1,8 миң км2. Калкы 453,9 миң (2006). Административдик борбору Бас-Тер шаары Расмий тили француз тили. Калкынын 95% католиктер, 4%ке жакыны индуисттер жана салт болуп калган жергиликтүү динди туткандар. Административдик-аймактык жактан 3 округга бөлүнөт. Акча бирдиги евро.
Арал жөнүндө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гваделупа аралдары акиташ тоотегинен турган платодон (бийиктиги 130 мге чейин) жана жанартоо массивинен турат. Аракеттеги Суфриер жанартоосу бар (бийикт. 1467 м). Аралдарын шуру (коралл) рифтери курчап турат.
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык жаан-чачыны 1500-2000 мм, тоолорунда 3000 мм. Февралдын орто температурасы 24°С, августтуку 27°С. Нымдуу дайыма жашыл тропик токою, мангр өсүмдүктөрү ээлейт, жалпы аянты 34,8 миң га келген коргоого алынган 8 табигый аймак уюштурулган (андан ичкери Гваделупа улуттук паркы). Кайра иштетүү өнөр жайы өнүккөн. Анын негизги тармагы ром жана кант өндүрүү. Жеринин 15% иштетилет. Балкамыш, банан, цитрус өсүмдүктөрү, коон, буурчак, маниок, баклажан жана башка өстүрүлөт. Мал чарбасы өнүккөн. Балык кармалат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1493-ж. X. Колумб тарабынан ачылган. 1674-ж. арал Франция ээлиги деп жарыяланган. 1810-ж. англичандар басып алган, бирок Париж келишими боюнча 1816-ж. Францияга кайтарылып берилген. 1946-ж. Франциянын «деңиздеги алыскы депертаменти» деген статуска ээ болгон. ИДПнин көлөмү 3,5 млрд долларды (АКШ) түзөт; аны киши башына бөлүшгүргөндө 7,9 миң доллардан туура келет (2003). ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 68%, өнөр жайыныкы 17%, айыл чарбаныкы 15%. Туризм (дайвинг, яхтинг жана башка; жылына 675 миң турист келет) активдүү өнүгүүдө. Темиржолу жок. Автомобиль жолунун узундугу 950 км (2003). Негизги порттору: Бас-Тер, Густавия, Пуэнт-а-Питр. Эл-аралык аэропорту бар. Сыртка банан, кант, ром, коон чыгарат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина курууга керектүү продукция, кийим-кечек, күндөлүк керектелүүчү товарларды алат. Негизги соода шериктештери: Франция, Мартиника, АКШ (экспорт); Франция, Германия, АКШ (импорт).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
Түндүк Америка мамлекеттери | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Антигуа жана Барбуда • Багама аралдары • Барбадос • Белиз • Гаити • Гватемала • Гондурас • Гренада • Доминика • Доминикана Республикасы • Канада • Коста-Рика • Куба • Мексика • Никарагуа • Панама • Сальвадор • Сент-Люсия • Сент-Винсент жана Гренадиндер • Сент-Китс жана Невис • АКШ • Тринидад жана Тобаго • Жамайка | |
Көз каранды аймактар | Америка Виржин аралдары • Ангилья • Аруба • Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба • Британия Виржин аралдары • Гваделупа • Гренландия • Кайман аралдары • Клиппертон • Кюрасао • Мартиника • Монтсеррат • Навасса • Пуэрто-Рико • Сан-Андрес жана Провиденсия • Сен-Бартелеми • Сен-Мартен • Сен-Пьер жана Микелон • Синт-Мартен • Теркс жана Кайкос аралдары • Венесуэланын федералдык ээликтери |