Боордош шаарлар
Боордош шаарлар ар түрдүү мамлекеттердин өз ара достук мамилени, маданий, чарбалык кызматташтыкты түзгөн жана бекемдеген шаарлары. Боордош шаарлар бири-биринен тиричилиги, тарыхы жана маданияты менен таанышууга аракет жасап, элдер (улуттар) арасында достук мамилени бекемдөөгө үндөйт. Алар жашоо деңгээлди жакшыртуу максатында түрдүү багыттар боюнча (спорт, чыгармачыл коллективдер, сүрөт көргөзмөлөрү жана башка) делегацияларды бири-бирине жиберишет. Шаарлар арасында мындай кызматташтык 1942-жылдан (Сталинград коргоочуларынын Ковентри шаарынын тургундарынан келген сыймыктануу жана достукка үндөө телеграммасынан) башталган. Бүгүнкү күндө Боордош шаарлардын бүткүл дүйнөлүк федерациясы уюшулган. 1963-жылдан баштап апрелдин акыркы жекшембиси бүткүл дүйнөлүк боордош шаарлар күнү деп белгиленип келүүдө.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4