Араван району
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Административдик борбор | |
Расмий тили | |
Калкы |
137 721[1] |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • Эң төмөнкү чекити | |
Тууралыгы | |
Узундук | |
Араван району - Ош облусундагы админ.-аймактык бирдик. Ал облустун түндүк батышында жайгашып, түндүгүнөн жана түндүк- батышынан Өзбекстан, түштүгүнөн Ноокат, чыгышынан Карасуу райондору менен чектешет. Аянты 1259 км. Калкы - 137 721 киши (2021)[1]. Район 8 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Борбору- Араван кыштагы. Район 1935-жылы уюштурулган.
Табияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Район Фергана өрөөнүнүн өндүрүнөн орун алган. Аймагы адырлуу. Түндүк бөлүгү деңиз деңгеелинен 500-700 м, түштүгү 700-1500м бийиктикте. Курулуш материалдарынын кени бар. Климаты континенттик. Январдын ортосунда температурасы -2..-3грдус, июлдуку 28градус. Жылдык жаан-чачыны 290-300мм. Ири суу- Аравансай. Сугатка пайдаланылат. Райондун түндүк бөлүгүнөн Түштүк Фергана каналы өтөт. Кыртышы боз топурактуу. Аймагынын көп бөлүгү айдалган, айдалбаган түзөң бөлүгү шыбак-баялыштуу, адырлар эфемер-шыбактуу келип, жарым чөлгө мүнөздүү өсүмдүкөр өсөт. Райондун аймагында облустун калкынын 7,8% жашайт.
Райондо 2001-2002- окуу жылында 50 жалпы билим берчү мектеп,30 мектепке чейинки мекемелер, китепканалар болгон. Райондо райондук оорукана, 2 участкалык оорукана, 19 фельдшер-акушердик пункт, 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана башка медициналык мекемелер иштейт.
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Райондо 8 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 50 айыл бар[2]:
- Алля Анаров айыл аймагы: Жаңы-Араван (борбору), Араван, Аччы, Кара-Булак, Сасык-Үңкүр, Маданият, Пахта-Абад;
- С.Юсупов айыл аймагы: Араван (борбору), Каррак, Октябрь, Эрке-Кашка, Сүткор;
- Мангыт айыл аймагы: Мангыт (борбору), Кесек, Кызыл-Коргон, Төлөйкөн, Жаңы-Арык;
- Керме-Тоо айыл аймагы: Гүлбахор (борбору), Кичик-Алай, Күндөлүк, Майдан-Тал, Миң-Теке, Сары-Булак, Чогом;
- Тепе-Коргон айыл аймагы: Тепе-Коргон (борбору), Арап, Интернационал, Кесов, Уйгур-Абад, Чертик, Янги-Абад, Янги-Юль;
- Нурабад айыл аймагы: Кайрагач-Арык (борбору), Какыр-Пилтан, Лангар;
- Төө-Моюн айыл аймагы: Хауз (борбору), Ак-Шор, Жеке-Мисте, Керкидан, Найман, Сары-Таш, Сырт ;
- Чек-Абад айыл аймагы: Көчүбаев (борбору), Агроном, Жакшылык, Жар-Кыштак, Кукалапаш, Максим-Тобу, Пахтачы, Төлөйкөн;
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2021-ж. башында айыл өкмөттөрү берген маалымат боюнча)
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору, 10.06.2022
Кыргызстандын административдик бөлүнүшү | ||
---|---|---|
Баткен облусу | Баткен · Кадамжай · Лейлек | |
Жалал-Абад облусу | Аксы · Ала-Бука · Базар-Коргон · Ноокен · Сузак · Тогуз-Торо · Токтогул · Чаткал | |
Нарын облусу | Ак-Талаа · Ат-Башы · Жумгал · Кочкор · Нарын | |
Ош облусу | Алай · Араван · Кара-Кулжа · Кара-Суу · Ноокат · Өзгөн · Чоң-Алай | |
Талас облусу | Бакай-Ата · Кара-Буура · Манас · Талас | |
Чүй облусу | Аламүдүн · Жайыл · Кемин · Москва · Панфилов · Сокулук · Чүй · Ысык-Ата | |
Бишкек шаары | Октябрь · Биринчи Май · Свердлов · Ленин · Чоң-Арык ш.т.а · Орто-Сай айылы | |
Ош шаары |