«Жумушчу жана кол өнөрчүлөр союзу»
Көрүнүш
«Жумушчу жана кол өнөрчүлөр союзу» - Совет бийлигин орнотуу жылдарында Түндүк Кыргызстанда уюштурулган алгачкы профсоюз уюму. Ал башында «Кол өнөрчүлөр уюму» катары 1917-жылы апрель айында Пишпек шаарында түзүлгөн. Анын максаты ошол кездеги жаңы (пролетардык) саясатка ылайык союз мүчөлөрүнүн кесиптик кызыкчылыгын коргоп, алардын санын жана аң-сезимин жогорулатууга багытталган. Бул союзга негизинен шаардык жумушчулар, кол өнөрчүлөр жана Чүй сугат тармагында иштеген курулушчулар кирген. Союз большевиктерге Совет бийлигин орнотууда чоң таяныч болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5