Куюн
Көрүнүш
Куюн – чагылгандуу булуттарда пайда болуп, кара булуттар түркүк же пилдин тумшугу сымал төмөн көздөй таралган атмосфера куюну.
Көпчүлүк учурда жер бетине чейин жетет. Диаметри ондогон жана жүздөгөн м болот. Куюн көпкө созулбайт. Айыл чарбага жана курулушка чоң зыян келтириши мүмкүн. Кургактыктагы куюн тромб деп да аталат.
Торнадо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Торнадо (испанча tornado - куюн) - Түндүк Америкада (өзгөчө Миссисипи д-нын алабында) болуучу катуу куюн шамал. Көбүнчө чоң кыйроолорду алып келет, к. Тромб.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
- Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов
- «Кыргызстан». Улуттук энцикл��педия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4