Мануэль Нойер
Мануэль Нойер | ||
Жалпы маалымат | ||
Лакап аты | Ману | |
Төрөлгөн датасы | 27 -март 1986 (38 жаш) Гельзенкирхен, ГФР | |
Жарандыгы | Германия | |
Бою | 193 см | |
Салмагы | 92 кг | |
Позициясы | дарбазачы | |
Клуб тууралуу маалымат | ||
Клубу | Бавария Мүнхен | |
Номуру | 1 | |
Карьерасы | ||
Жаштар клубдары | ||
1991—2005 | Шальке 04 | |
Клубдук карьерасы* | ||
2005—2011 | Шальке 04 | 155 (-150) |
2011—учур | Бавария | 95 (-58) |
Улуттук курамасы** | ||
2004—2005 | Германия (19га чейин) | 11 (-13) |
2006—2009 | Германия (21ге чейин) | 20 (-11) |
2009—учур | Германия | 53 (-43) |
Эл аралык медалдары | ||
Дүйнө чемпиондуктары | ||
Коло | ТАР 2010 | |
Алтын | Бразилия 2014 | |
Европа чемпиондуктары | ||
Коло | Польша/Украина 2012 | |
* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 8-ферваль 2014-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон. ** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 1-июль 2014-жылдагы | ||
Мануэ́ль Но́йер (нем. Manuel Neuer; 1986-жылы 27-мартта Гельзенкирхен, Түндүк Рейн-Вестфалия, ГФР) — немис футболчусу, «Бавария Мүнхен» футбол клубунун жана Германия курамасынын дарбазачысы.
Клубдук карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Шальке 04»
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мануэль Нойер Гельзенкирхенде төрөлгөн. 5 жашынан баштап «Шальке 04» клубунун футбол мектебинде машыга баштаган. 2003-жылы 17 жашар дарбазачы «Шальке 04» резервдик командасы үчүн Аймактык лигада ойноп баштаган, бирок аны менен бирге төртүнчү немис дивизионуна четтеп калып, ал жерде бүтүндөй сезонду өткөргөн (2002/03 сезонунда Германия лигалар системасында Регионаллиг системасы татаалдуулук баскычы боюнча азыркы учурдагыдай төртүнчү эмес, үчүнчү болчу).
2005/06 сезонунда биринчи жолу камылгадагы голкипер катары чакырылган, негизги орунду ал кезде Франк Рост ээлеп турган. Бундеслигада болсо, Мануэль 2006-жылдын августунда биринчи жолу «Алеманияга» каршы ойногон (1:0). Мындан соң бир аз убакыттан кийин онунчу турдун матчында «Баварияга» каршы ойногон (2:2), анын ойногону гельзенкирхендиктердин башкы машыктыруучусу Мирко Сломкага аябай жагып калып, Мануэль команданын негизги дарбазачысы болуп калган, ал эми Рост болсо «Гамбург» клубуна өтүп кеткен. «Шальке 04» курамында 2006/07 сезонунда Нойер 27 матч өткөргөн.
Сумманы жогорулатуу сунушун да эске алганда, «Шальке» башкармасынын бир нече ирет кылган аракеттерине карабастан, 20-апрель 2011-жылы клуб Нойердин 2011/12 сезонунун аягында бүтө турган «Шальке 04» менен болгон келишимин узартпай тургандыгын билдирген[1]
«Бавария»
[түзөтүү | булагын түзөтүү]8-июнь 2011-жылы «Бавария» дарбазачы менен беш жылдык келишимге кол койгон[2], келишим 18 млн еврону түзгөн[3], ага кошумча бонус катары 7 млн Нойердин мүнхендик клубда ийгиликтүү ойношу үчүн берилген[4][5].
19-май 2012-жылы УЕФА чемпиондор Лигасынын финалдык матчында негизги жана кошумча убакыттарда 1:1 эсебинде тең чыккандан кийин, Мануэль матчтан кийинки пенальтилер сериясында бир он бир метрлик соккуну тосуп, андан соң Петр Чехтин дарбазасына таамай сокку узаткан, бирок, ага карабастан «Бавария» күмүш байгени алып, матчтан кийинки пенальтилер сериясында «Челсиге» 3:4 эсебинде жеңилип калган.
2013/14 сезонунда Мануэль бир сезондо 4 трофей алып, командасы менен чогуу «Бавария» клубунун тарыхында калышкан, анткени мүнхендик команда бир да жолу бир сезондо 4 трофейге ээ болгон эмес. Мануэль өз карьерасында биринчи жолу дүйнөнүн 2013-жылдагы символдук курамасына кирген. Бул жылы Мануэль Бундеслиганы, Германия Кубогун, Германия Суперкубогун ошол замат багынткан, ал эми жылдын жигердүү жемиши УЕФА чемпиондор Лигасын утуу болду. Нойер Бундеслигада 18 гол өткөрүп жиберип, 31 матч ойногон.
УЕФА чемпиондор Лигасында болсо Нойер 11 гол өткөрүп, 13 матч ойногон. Бирок «Барселонадан» бир да гол өткөргөн эмес.
Дарбазадан чыга калчу дарбазачы катары белгилүү. «Вольфсбург» менен болгон матчта Мануэль дарбазадан чыга калып, топ менен оюн талаасынын борбордук бөлүгүнө чейин барып, «Бавария» футболчусуна пас берген. УЕФА Суперкубогу үчүн «Челсиге» каршы матчта оюн талаасынын борборунан башы менен атаандашынын айып аянтчасына топ узаткан, ал матчта «Бавария» оюн эсебин теңдеп, пенальтилер сериясында утуп алган.
Эл аралык карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мануэль өлкөнүн ар кандай улуттук өспүрүмдөр футбол курамалары үчүн ойногон, жаштар курамасы үчүн 9 матч ойногон. Негизги курамада биринчи жолу 2-июнь 2009-жылы БАЭ курамасына каршы өткөн достук матчында ойногон. Германия курама команда 7:2 эсебинде жеңген. 2010-жылы немистер күмүш байге тагынган дүйнө чемпиондугунда, үчүнчү орун үчүн болгон матчтан башка, командасынын бардык беттештеринде катышкан. Дүйнө чемпиондугунан кийин немис курамасынын биринчи дарбазачысы болуп калган. 2012-жылдагы Европа чемпиондугунда улуттук курамага чакырылган, биринчи матчтарда ишеничтүү жана мыкты оюн көргөзгөн, Грекия менен болгон матчта 2 гол өткөрүп жиберген. Италияга каршы өткөн жарым-финалдык матчта Марио Балотеллиден келген 2 топту өткөрүп жиберген. 2014-жылдагы дүйнө чемпиондугунда болсо, турнирдеги жалпы командалык жеңиштен сырткары, мундиалдын мыкты дарбазачысы да аталган.
Катышууларынын статистикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Клуб статистикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул бөлүмдөгү маалыматтар эскирген. Маалыматты жаңыртып, долбоорго жардам бере аласыз.
|
Катышуусу | Лига | Өлкө кубогу | Еврокубоктор | Башкалар | Жалпы | |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Клуб | Лига | Сезон | Оюндары | Голдору | Оюндары | Голдору | Оюндары | Голдору | Оюндары | Голдору | Оюндары | Голдору | ||
Шальке 04 | Бундеслига | 2006/07 | 27 | -21 | 0 | -0 | 0 | -0 | 27 | -21 | ||||
2007/08 | 34 | -32 | 3 | -1 | 10 | -7 | 47 | -40 | ||||||
2008/09 | 27 | -26 | 2 | -2 | 5 | -7 | 34 | -35 | ||||||
2009/10 | 34 | -31 | 5 | -1 | 0 | -0 | 39 | -32 | ||||||
2010/11 | 33 | -44 | 6 | -3 | 12 | -14 | 51 | -61 | ||||||
Жалпы | 155 | -154 | 16 | -7 | 27 | -28 | 198 | -189 | ||||||
Бавария | Бундеслига | 2011/12 | 33 | -22 | 5 | -6 | 14 | -9 | 0 | -0 | 52 | -37 | ||
2012/13 | 31 | -18 | 5 | -3 | 13 | -11 | 1 | -1 | 50 | -33 | ||||
2013/14 | 29 | -17 | 4 | -1 | 12 | -13 | 3 | -2 | 48 | -33 | ||||
Жалпы | 93 | -57 | 14 | -10 | 39 | -33 | 4 | -3 | 150 | -103 | ||||
Карьерасында | 239 | -203 | 28 | -15 | 60 | -51 | 4 | -3 | 331 | -272 |
- Лига Кубогунун 2007/2008 сезонундагы үч матч жана үч өткөрүп жиберилген топ эсептелген жок.
- Германия Суперкубогунун 2010/2011 сезонундагы бир матч жана эки өткөрүп жиберилген топ эсептелген жок.
Катышуусу | Лига | Өлкө кубогу | Еврокубоктор | Жалпы | ||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Клуб | Лига | Сезон | Оюндары | Нөл | Оюндары | Нөл | Оюндары | Нөл | Оюндары | Нөл |
Шальке 04 | Бундеслига | 2006/07 | 27 | 13 | 0 | 0 | 0 | 0 | 27 | 13 |
2007/08 | 34 | 12 | 3 | 2 | 10 | 4 | 47 | 18 | ||
2008/09 | 27 | 11 | 2 | 0 | 5 | 0 | 34 | 11 | ||
2009/10 | 34 | 15 | 5 | 4 | 0 | 0 | 39 | 19 | ||
2010/11 | 33 | 11 | 6 | 4 | 12 | 3 | 51 | 18 | ||
Жалпы | 155 | 62 | 16 | 10 | 27 | 7 | 198 | 79 | ||
Бавария | Бундеслига | 2011/12 | 33 | 17 | 5 | 2 | 14 | 7 | 52 | 26 |
2012/13 | 31 | 19 | 4 | 3 | 13 | 5 | 48 | 27 | ||
2013/14 | 20 | 12 | 3 | 2 | 6 | 3 | 29 | 17 | ||
Жалпы | 84 | 48 | 12 | 8 | 33 | 15 | 129 | 71 | ||
Карьерасында | 239 | 110 | 28 | 17 | 60 | 22 | 327 | 149 |
- Лига Кубогунун 2007/2008 сезонундагы бир «кургак» матч эсептелген жок.
- Клубдук дүйнө чемпиондугу 2013 матчтарындагы эки «кургак» матч эсептелген жок.
Курамада ойногон матчтары жана өткөрүп жиберген голдору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул бөлүмдөгү маалыматтар эскирген. Маалыматты жаңыртып, долбоорго жардам бере аласыз.
|
Жалпы: 51 матч / 43 өткөрүп жиберилген гол / 22 «кургак» матч; 41 жеңиш, 7 тең чыгуу, 3 жеңилүү
Жетишкендиктери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Командалык
- Немис лигасынын Кубогунун ээси (1): 2005
- Германия кубогунун ээси (1): 2010/11
- Жалпы: 2 трофей
- Бундеслига чемпиону (2): 2012/13, 2013/14
- Германия кубогунун ээси (2): 2012/13, 2013/14
- Германия Суперкубогунун ээси (1): 2012
- УЕФА чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү (1): 2012/13
- УЕФА Суперкубогунун ээси (1): 2013
- Клубдук дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү (1): 2013
- Telekom-Cup жеңүүчүсү (1): 2013
- Жалпы: 9 трофей
Эл аралык
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- дүйнө чемпиондугу 2010дун коло байге ээси
- Европа чемпиондугу 2012нин коло байге ээси
- Дүйнө чемпиону (1): 2014
Жеке
- Бундеслиганын мыкты голкипери: 2007
- Европа жаштар чемпиондугунун мыкты голкиери: 2009
- Silbernes Lorbeerblatt сыйлыгы: 2010
- Германия жыл футболчусу: 2011
- Евро-2012 символдук курамасынын курамына кирет
- ESM нускасы боюнча жыл голкипери: 2012
- IFFHS нускасы боюнча жыл голкипери: 2013
- Дүйнө чемпиондугунун мыкты голкипери: 2014
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Neuer wird Vertrag beim FC Schalke-04 nicht verlängern (нем.). schalke04.de (20.04.2011). Текшерилген күнү 15 Апрель 2012. Түп булактан архивделген күнү 8 -июнь (кулжа) 2012.
- ↑ Нойер: «Баварияга» өткөнүмө кубанычтамын. Текшерилген күнү 21 -июль (теке) 2014. Түп булактан архивделген күнү 4 -июнь (кулжа) 2011.
- ↑ Нойер үчүн 18 млн евро. Текшерилген күнү 21 -июль (теке) 2014. Түп булактан архивделген күнү 24 -май (бугу) 2012.
- ↑ Manuel Neuer ist jetzt ein Bayer
- ↑ Neuer: Darum freue ich mich auf Bayern (нем.). bild.de (01.06.2011 — 22:52 Uhr). Текшерилген күнү 15 Апрель 2012. Түп булактан архивделген күнү 8 -июнь (кулжа) 2012.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- fcbayern.de сайтындагы баракчасы (нем.)
- Мануэль Нойердин расмий сайты
- Мануэль Нойер Facebook'та
- Мануэль Нойердин Youtube'дагы каналы
«Бавария» футбол клубу — азыркы курамы
|
---|
1 Нойер (дар) • 5 Хуммельс • 6 Алкантара • 7 Рибери • 8 Мартинес • 9 Левандовски • 10 Роббен • 11 Дуглас Коста • 13 Рафинья • 14 Алонсо • 17 Боатенг • 18 Бернат • 21 Лам (к) • 22 Штарке (дар) • 23 Видаль • 25 Мүллер • 26 Контенто • 27 Алаба • 28 Бадштубер • 31 Швайнштайгер • 34 Хөйбьерг • 36 Вайраух • 37 Грин • 38 Саллахи • Лучич (дар) • Штайнхарт • Машыктыруучу: Хосеп Гвардиола |
Германия курамасы — [[|Европа жаштар чемпиондугу 2009 — чемпион]]
| ||
---|---|---|
1 Нойер (дар) • 2 Бек • 3 Бөниш • 4 Хөведес • 5 Боатенг • 6 Аого • 7 Эберт • 8 Хедира (к) • 9 Дежага • 10 Өзил • 11 Марин • 12 Фромловиц (дар) • 13 Вагнер • 14 Йонсон • 15 Хуммельс • 16 Шваб • 17 Гроте • 18 Адлуң • 19 Бен-Хатира • 20 Кастро • 21 Шмельцер • 22 Эде • 23 Зиппель (дар) • машыктыруучу: Хорст Хрубеш |
Германия курамасы — дүйнө чемпиондугу 2010 — 3-орун
| ||
---|---|---|
1 Нойер (дар) • 2 Янсен • 3 Фридрих • 4 Аого • 5 Таски • 6 Хедира • 7 Швайнштайгер • 8 Өзил • 9 Кисслиң • 10 Подольски • 11 Клозе • 12 Визе (дар) • 13 Мүллер • 14 Бадштубер • 15 Троховски • 16 Лам (к) • 17 Мертезакер • 18 Кроос • 19 Какау • 20 Боатең • 21 Марин • 22 Бутт (дар) • 23 Гомес • машыктыруучу: Йоахим Лөв |
Германия курамасы — Европа чемпиондугу 2012 — жарым-финалчы
| ||
---|---|---|
1 Нойер (дар) • 2 Гүндоган • 3 Шмельцер • 4 Хөведес • 5 Хуммельс • 6 Хедира • 7 Швайнштайгер • 8 Өзил • 9 Шүррле • 10 Подольски • 11 Клозе • 12 Визе (дар) • 13 Мүллер • 14 Бадштубер • 15 Бендер • 16 Лам (к) • 17 Мертезакер • 18 Кроос • 19 Гөтце • 20 Боатең • 21 Ройс • 22 Цилер (дар) • 23 Гомес • машыктыруучу: Йоахим Лөв |
Германия курамасы — дүйнө чемпиондугу 2014 — чемпион
| ||
---|---|---|
1 Нойер (дар) • 2 Гросскройц • 3 Гинтер • 4 Хөведес • 5 Хуммельс • 6 Хедира • 7 Швайнштайгер • 8 Өзил • 9 Шүррле • 10 Подольски • 11 Клозе • 12 Цилер (дар) • 13 Мүллер • 14 Дракслер • 15 Дурм • 16 Ла�� (к) • 17 Мертезакер • 18 Кроос • 19 Гөтце • 20 Боатең • 21 Мустафи • 22 Вайденфеллер (дар) • 23 Крамер • машыктыруучу: Йоахим Лөв |
Германия жыл футболчусу | |
---|---|
1960 Зеелер • 1961 Морлок • 1962 Шнеллингер • 1963 Шефер жана Кайзер • 1964 Зеелер жана Урбанчик • 1965 Тильковски жана Вайгаң • 1966 Беккенбауэр жана Нөлднер • 1967 Мүллер жана Эрлер • 1968 Беккенбауэр жана Бранш • 1969 Мүллер жана Фогель • 1970 Зеелер жана Р. Дукке • 1971 Фогтс жана П. Дукке • 1972 Нетцер жана Крой • 1973 Нетцер жана Крайше • 1974 Беккенбауэр жана Бранш • 1975 Майер жана Поммеренке • 1976 Беккенбауэр жана Крой • 1977 Майер жана Дөрнер • 1978 Майер жана Крой • 1979 Фогтс жана Штрайх • 1980 Румменигге жана Грапентин • 1981 Брайтнер жана Грапентин • 1982 Фөрстер жана Шнупхазе • 1983 Фөллер жана Штрайх • 1984 Шумахер жана Дөрнер • 1985 Бригель жана Дөрнер • 1986 Шумахер жана Мүллер • 1987 Ран жана Мүллер • 1988 Клинсман жана Том • 1989 Хесслер жана Траутман • 1990 Маттеус жана Кирстен • 1991 Кунц жана Гүтшов • 1992 Хесслер • 1993 Көпке • 1994 Клинсман • 1995 Заммер • 1996 Заммер • 1997 Колер • 1998 Бирхофф • 1999 Маттеус • 2000 Кан • 2001 Кан • 2002 Баллак • 2003 Баллак • 2004 Аилтон • 2005 Баллак • 2006 Клозе • 2007 Гомес • 2008 Рибери • 2009 Графите • 2010 Роббен • 2011 Нойер • 2012 Ройс • 2013 Швайнштайгер |
ЭФТСФ нускасы боюнча дүйнөнүн мыкты дарбазачысы | |
---|---|
1987 Пфафф · 1988 Дасаев · 1989 Дзенга · 1990 Дзенга · 1991 Дзенга · 1992 Шмейхель · 1993 Шмейхель · 1994 Прүдомм · 1995 Чилаверт · 1996 Көпке · 1997 Чилаверт · 1998 Чилаверт · 1999 Кан · 2000 Бартез · 2001 Кан · 2002 Кан · 2003 Буффон · 2004 Буффон · 2005 Чех · 2006 Буффон · 2007 Буффон · 2008 Касильяс · 2009 Касильяс · 2010 Касильяс · 2011 Касильяс · 2012 Касильяс · 2013 Нойер |
- Арип боюнча инсандар
- Туулгандар 27 -март (жалган куран)
- Туулгандар 1986-жылы
- Персоналии, чья дата рождения не установлена
- Футболчулар арип боюнча
- Футбол дарбазачылары
- Германиядагы футболчулар
- Германия улуттук футбол курамасынын оюнчулары
- Германия улуттук футбол жаштар курамасынын оюнчулары
- «Шальке 04» ФК оюнчулары
- «Бавария» ФК оюнчулары
- Футбол боюнча дүйнө чемпиондору