Кыргызстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарында
ЭОК коду: | KGZ | |||
УОК: | Кыргызстан улуттук олимпиада комитети | |||
Токиодогу Олимпиада оюндары | ||||
Спортчулар | 16 спортчу 7 спорттун түрү боюнча | |||
Медалдар | Алтын | Күмүш | Коло | Баардыгы |
Оруну: 70 |
0 |
2 |
1 |
3 |
Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу | ||||
1996 • 2000 • 2004 • 2008 • 2012 • 2016 • 2020 • 2024 • 2028 • 2032 | ||||
Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу | ||||
1994 • 1998 • 2002 • 2006 • 2010 • 2014 • 2018 • 2022 • 2026 • 2030 | ||||
О. эле | ||||
|
Кыргызстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 7 түрү боюнча 16 спортчусу менен катышат[1]. Кыргызстан эгемен тарыхында жетинчи жолу олимпиада оюндарына катышуусу.
Жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтүшү керек эле, бирок Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырган[2]. Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Токио шаарында өткөн.
Олимпиаданын ачылыш аземинде өлкөнүн туусун ок атуу боюнча спортчу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыккан[3]. Эл аралык олимпиада комитети гендердик теңчиликти сактоо үчүн мындан кийин тууну эркек менен аял бирге көтөрүп чыксын деген чечимди кабыл алган[4].
2021-жылы, 15-июлда тууну Кыргызстандан Олимпиадага алгачкы жолу лицензия алган спортчу, грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков көтөрүп өтө турганы маалым болгон[5]. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын желегин тапшырган. Бирок Олимпиададагы күрөш боюнча курамдын мелдеши 1-августта башталып, спортчулар 28-июлда баргандыгына байланыштуу туу көтөрүү милдетин башка спортчуларга өткөрүлүп берилген.
Катышуучу курамдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстан улуттук курамынан 16 спортчу барат[6]. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы 2021-жылы 15-июлда билдирген.
Жеңил атлетика боюнча спортчу Юлия Андреева жаракат алып калганына байланыштуу ири мелдешке катышуудан баш тарткан. Мария Коробицкая олимпиадалык нормативди аткарбагандыктан мелдештен четтетилген.
Кыргызстан командасынын курамында грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм), Атабек Азисбеков (87 килограмм) жана Үзүр Жусупбеков (97 килограмм).Эркин күрөш чеберлеринен Эрназар Акматалиев (65 килограмм) менен Айаал Лазарев (125 килограмм).Аялдар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм), Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм.
Дзюдо боюнча Владимир Золоев (81 килограмм), оор атлетикадан Бакдөөлөт Расулбеков (94 килограмм), фехтование спортунан Роман Петров, ок атуу спортунан Каныкей Кубанычбекова жана сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов.Жеңил атлетикадан Дария Маслова (марафон, 42 чакырым) жана Нурсултан Кеңешбеков (5 000 метр).
Кыргызстандын катышуучу курамдары | |||||
---|---|---|---|---|---|
N | Спортчулар | Спорттун түрү | Спорттун багыты | ||
1 | Атабек Азисбеков | Күрөш | — 87 кг | ||
2 | Айсулуу Тыныбекова | — 62 кг | |||
3 | Айпери Медет кызы | — 76 кг | |||
4 | Мээрим Жуманазарова | — 68 кг | |||
5 | Айаал Лазарев | — 125 кг | |||
6 | Жоламан Шаршенбеков | — 60 кг | |||
7 | Акжол Махмудов | — 77 кг | |||
8 | Үзүр Жусупбеков | — 97 кг | |||
9 | Эрназар Акматалиев | — 65 кг | |||
10 | Владимир Золоев | Дзюдо | — 81 кг | ||
11 | Дарья Маслова | Жеңил атлетика | Марафон, 42 чакырым | ||
12 | Нурсултан Кеңешбеков | 5000 м чуркоо | |||
13 | Бекдөөлөт Расулбеков | Оор атлетика | — 96 кг | ||
14 | Каныкей Кубанычбекова | Ок атуу | Пневматикалык мылтык,10 м | ||
15 | Денис Петрашов | Сууда сүзүү | 100 м брасс | ||
200 м брасс | |||||
16 | Роман Петров | Фехтование |
Кыргызстандын делегация курамы | |||||
---|---|---|---|---|---|
N | Делегациялар | Тобу | Кызматы | ||
1 | Шаршенбек Абдыкеримов | Спорт уюмдарынын өкүлдөрү | Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенти | ||
2 | Канат Аманкулов | УОКтун биринчи вице-президенти | |||
3 | Жолдошбек Көлбаев | КР Дзюдо федерациясынын президенти, Азия дзюдо союзунун вице-президенти | |||
4 | Мелис Турганбаев | Азиянын күрөш федерациясынын вице-президенти | |||
5 | Саламат Эргешов | УОКтун штабы жана Мамлекеттик спорт агенттиги | УОКтун башкы катчысы, миссиянын башчысы | ||
6 | Чолпон Жумагазиева | УОКтун кызматкери | |||
7 | Нурлан Исмаилов | Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциянын башчысы | |||
8 | Марат Аскарбеков | Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин анализ жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы | |||
9 | Виктор Суровцев | Машыктыруучулар жана дарыгерлер | Ок атуу боюнча машыктыруучу | ||
10 | Александр Черных | Фехтование боюнча машыктыруучу | |||
11 | Азат Эркимбаев | Грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу | |||
12 | Улук Карачолоков | ||||
13 | Бактыгүл Алишева | Дарыгер | |||
14 | Константин Еремич | Массажист | |||
15 | Абдужалил Юнусов | Дзюдо боюнча машыктыруучу | |||
16 | Евгений Петрашов | Сууда сүзүү боюнча машыктыруучу | |||
17 | Өмүржан Молдодосов | Оор атлетика боюнча машыктыруучу | |||
18 | Камбар Токтоналиев | ||||
19 | Нурбек Изабеков | Аялдар күрөшү боюнча машыктыруучу | |||
20 | Байгазы Кенжебаев | ||||
21 | Татьяна Борисова | Жеңил атлетика боюнча машыктыруучу | |||
23 | Сатыбек Чокаев | ||||
24 | Руслан Маджинов | Эркин күрөш боюнча машыктыруучу | |||
25 | Сүймөнкул Табалды уулу | ||||
26 | Кабыл Макешев | Пресс-атташе |
Медалдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Медалчылар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]№ | Медаль | Спортчулар | Спорттун түрү | Спорттун багыты | Датасы | Күнү |
---|---|---|---|---|---|---|
Күмүш | ||||||
1 | Акжол Махмудов | Күрөш | (грек-рим күрөшү, 77 кг) | 3-август | 11-күнү | |
2 | Айсулуу Тыныбекова | Күрөш | (эркин күрөш, 62 кг) | 4-август | 12-күнү | |
Коло | ||||||
1 | Мээрим Жуманазарова | Күрөш | (эркин күрөш, 68кг) | 3-август | 11-күнү |
Дзюдо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Спортчу Владимир Золоев 2018-жылдан тарта 12 турнирге катышып, жалпы 2 380 упай топтоп, натыйжада 2021-жылы 21-июнда жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жаралган[7].
Спортчу | Категориясы | 1/32 финал | 1/16 финал | 1/8 финал | Чейрек финал | Жарымфинал | Финал | Оруну |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы | |||
Владимир Золоев | — 81 кг | катышкан эмес |
А. Хубецов |
Алдыга жылган эмес |
27-июлда Кыргызстан убактысы боюнча саат 8:32де 81 килограммга чейинки салмактагы мелдеште Владимир Золоев алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда Орусиялык Алан Хубецов менен кез келген. Золоев беттеште автоматтык түрдө иппонго айланган 3-эскертүүнү алгандыгына байланыштуу калыс жеңишти Хубецовго ыйгарган[8]. Кармашуунун узактыгы 4 мүнөт 48 секунд.
Жеңил атлетика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2019-жылы 1-декабрда Дарья Маслова Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышып, 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Мелеште олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт[9].
Спортчулар | Аралыгы | Биринчи раунд | Финал | ||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Чуркоо | Убактысы | Оруну | Убактысы | Оруну | |||||||
Нурсултан Кеңешбеков | 5000 м | 1 | 14:07.79 | 18 | Алдыга жылган эмес | ||||||
Дарья Маслова | Марафон 42 чакырым | ж/э | 2:35:35 | 36 |
Күрөш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эркектер
- Грек-рим күрөшү
Атабек Азисбеков Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо жеңип алган. Ал грек-рим күрөшү боюнча 87 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, 5-орунга татыган.
Спортчулар | Категориясы | 1/8 финал | Чейрек финал | Жарым финал | Жубатуучу раунд | Финал | Оруну |
---|---|---|---|---|---|---|---|
Адаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы | |||
Жоламан Шаршенбеков | — 60 кг |
М. Айнагулов |
Алдыга жылган эмес | 9 | |||
Акжол Махмудов | — 77 кг |
Р. Р. Гусейнов |
ж/э | ||||
Атабек Азисбеков | — 87 кг | Алдыга жылган эмес | Алдыга жылган эмес | 10 | |||
Үзүр Жусупбеков | — 97 кг |
А. Алексанян |
Алдыга жылган эмес |
А. Саволайнен |
Алдыга жылган эмес | 7 |
Эркектер
- Эркин күрөш
2021-жылы 4-июлда Бириккен күрөш уюму Болгариянын София шаарында өткөн турнирде Индиялык спортчу Сумит Малик допингге каршы эрежелерди бузганына байланыштуу андан кийинки орунда турган Айаал Лазаревге жолдомо берилген[10].
Спортчулар | Категориясы | 1/8 финал | Чейрек финал | Жарым финал | Жубатуучу раунд | Финал | Оруну |
---|---|---|---|---|---|---|---|
Адаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы | |||
Эрназар Акматалиев | — 65 кг | Алдыга жылган эмес | 10 | ||||
Айаал Лазарев | — 125 кг |
Г. Стивесон |
Алдыга жылган эмес | Алдыга жылган эмес | 7 |
Аялдар
- Эркин күрөш
Казакстандын Алмата шаарында өткөн күрөш боюнча лицензиялык мелдештен.
76 кг салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы Корея, Өзбекстан, Индия жана Монголия өлкөсүнүн балбандарын мөөнөтүнөн мурда жеңип, турнирдин чемпиону болгон.
68 кг салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешин кытайлык Жу Фенгге 5:7 эсебинде утулуп, экинчи атаандашын 10:3 эсебинде жеңген. Финалдык баскычта индиялык спортчуну 13:3 эсебинде жеңип финалга чыгуу менен Олимпиада оюндарына жолдомо алган.
Лицензиялык мелдеште балбан финалга жете турган болсо, автоматтык түрдө Олимпиадага жолдомо алат.
Спортчулар | Категориясы | 1/8 финал | Чейрек финал | Жарым финал | Жубатуучу раунд | Финал | Оруну |
---|---|---|---|---|---|---|---|
Адаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы | |||
Айсулуу Тыныбекова | — 62 кг |
А. Григорьева |
И. Коляденко |
ж/э | |||
Мээрим Жуманазарова | — 68 кг |
М. Христова |
Б. Оборудуду |
Алдыга жылган эмес |
Э. Маналова |
С. Батцэцэг |
|
Айпери Медет кызы | — 76 кг |
Э. Сыдыкова |
Н. Воробьёва |
ж/э | 5 |
Оор атлетика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бакдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмакта дүйнөдөгү 10 мыкты оор атлетчинин катарына кирип, Олимпиадага жолдомо алган.
Спортчу | Категориясы | Жулкуп | Түртүп | Баардыгы | Оруну | ||
---|---|---|---|---|---|---|---|
Жыйынтыгы | Оруну | Жыйынтыгы | Оруну | ||||
Бакдөөлөт Расулбеков | — 96 кг | 166 | 8 | 208 | 5 | 374 | 6 |
Бакдөөлөт Расулбеков 31-июлда саат 16:50 дө (UTC+6) 96 килограммга чейинки салмакта катышып, штанганы жулкуп көтөрүүнүн натыйжасында 8-орунду алган. Биринчи аракетинде 162 килограмм штанганы көтөрүп, экинчисинде 166 килограммды көтөрө албай, бирок үчүнчү аракетинде жакшы натыйжа көрсөткөн. Ал эми түртүп көтөрүүдө 200 килограмм менен ийгиликтүү баштап. Экинчи аракетинде 208 килограмм көтөргөн. Үчүнчү аракетинде 216 килограммдык штанганы көтөрө албай калган. Бардык аракеттерди кошуп эсептөөнүн (374 кг.) жыйынтыгында спортчу 14 спортчунун ичинен 6-орунду ээлеген.
Ок атуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аялдар арасында 10 метрден пневматикал ык мылтыктан ок атуу боюнча оффлайн жана онлайн түрүндө өткөн ВП-6 көнүгүүлөрдүн эл аралык таймашынын жыйынтыгында белгилүү болгон.Ал лицензия алууга квалификациялык чакан стандарттарды (MQS), Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжандагы мелдештердеги рейтингде ортодон жогорку жыйынтык көрсөтүп, Олимпиадага жолдомо алган[11].
Спортчу | Мелдеш | Квалификация | Финал | ||
---|---|---|---|---|---|
Жыйынтыгы | Оруну | Аталышы Жыйынтыгы |
Оруну | ||
Каныкей Кубанычбекова | пневматикалык мылтык,10 м | 612.8 | 48 | Алдыга жылган эмес |
Датасы | Квалификация | Оруну | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | Жыйынтыгы |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
24-июль | 1-күн | 48 | 103.4 | 101.0 | 103.0 | 102.5 | 101.1 | 101.8 | 612.8 |
Каныкей Кубанычбекова мелдешке 24-июлда Кыргызстан убактысы менен 05:30 (UTC+6) катышып, жалпысынан 612,8 упай топтогон, бирок алдыңкы сегиздикке кире албай калган, ал үчүн ага 16 упай жеткен эмес. Мелдешке жалпысынан 50 спортчу катышып, Каныкей 48 орунду ээлеген[12].
Сууда сүзүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Эркектер
Түштүк Кореянын Кванжу шаарында сууда сүзүү боюнча XVIII Дүйнө чемпиондугу өтүп, анда Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышка чыгып, 87 спортчунун ичинен 28-орунду ээлеген. Анын көрсөткүчү 1 мүнөт 0,94 секундду түзүп, өлкөнүн рекордун жаңыланган. Өлкөнүн буга чейинки 1 мүнөт 1,34 секунддук рекорду да Петрашовго таандык болгон. 2019-жылы 21-июлда, Денис Петрашовго 2020-жылы өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо берилген. Аталган лицензия жайкы Олимпиада оюндарына катышууга берилген укук, Кыргызстан үчүн эң алгачкысы болуп эсептелет.
Спортчу | Аралыгы | Чейрек финал | Жарым финал | Финал | ||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Сүзгөнү | Убактысы | Оруну | Сүзгөнү | Убактысы | Оруну | Убактысы | Оруну | |||
Денис Петрашов | 100 м брасс | 4 жолу | 1:00.23 (NR) | 27 | Алдыга жылган эмес | |||||
200 м брасс | 2-жолу | 2:10.07 | 16 | Алдыга жылган эмес |
- 24-июлда Денис Петрашов 100 метр аралыкты брасс стилинде сууда сүзүүдө 1 мүнөт 23 миллисекундада сүзүп өтүп, 8 спортчунун ичинен 3-орунда келген. Бирок бул аралыкта жарым финалга эң жакшы убактысы бар 16 спортчу чыккан. Муну менен 100 метр аралыкта брасс стилинде сүзүүнүн жарым финалына өтпөй калган, ушул аралыкта катышкан 49 спортчунун ичинен 27-орунду ээлеген.
- 27-июлда саат 16:42де (UTC+6) 200 метр аралыкты брасс стилинде сууда сүзүүдө 2 мүнөт 10 секунд 7 миллисекундада сүзүп өтүп, 8 спортчунун ичинен 1-орунда келген. Бирок бул аралыкта жарым финалга эң жакшы убактысы бар 16 спортчу чыккан. 40 спортчунун ичинен 18-орунду ээлеген.
Фехтование
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2021-жылы 25-апрелде фехтование боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия-Тынч океан квалификациялык мелдешине катышып[13]. Мелдеште спортчу 1-орунду ээлеп, Олимпиада оюндарына лицензия алган[14].
Спортчу | Мелдеш | 1/32 финал | 1/16 финал | 1/8 финал | Чейрек финал | Жарым финал | Финал | Оруну |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы |
Атаандашы Жыйынтыгы | |||
Роман Петров (7) | — | Алдыга жылган эмес | 32 |
25-июлда саат 6:30да (UTC+6) Роман Петров Олимпиададагы алгачкы жүрүшүн 1/32 финалда баштап, анда Түштүк Кореялык Сегеон Ма аттуу спортчу менен кез келип, атаандашын 15:7 эсебинде жеңген, 10:10до (UTC+6) 1/16 финалда Жапониялык спортчу Ямада Масаруну менен кез келип, атаандашына 13:15 эсебинде утулуп калган. Жыйынтыгында 32-орунду ээлеген.
Кошмча маалыматтар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Олимпиададан алтын уткандарга 10 миллион, күмүшкө 7 миллион, коло байге үчүн 5 миллион сом берилерин Улукбек Марипов 2021-жылы 15-июлда билдирген.
Ал эми башкы машыктыруучусуна спорчтуга берилген сый акынын 30 пайызына, улук жана жеке машыктыруучусуна 25 пайызына барабар суммада төлөнөт. Биринчи машыктыруучусу менен дарыгерине 10 пайыз өлчөмүндө сый акы берилет.
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эскермелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Токиодогу Олимпиада оюндарына 16 кыргыз спортчусу барат. Kloop.asia. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2021. Түп булактан архивделген күнү 18 -июль (теке) 2021.
- ↑ Joint Statement from the International Olympic Committee and the Tokyo 2020 Organising Committee, Olympics (24 March 2020).
- ↑ Олимпиада: Кыргыз желегин К.Кубанычбекова менен Д.Петрашов көтөрүп чыгат. barakelde.org. Текшерилген күнү 8 -июль (теке) 2021.
- ↑ МОК: на ОИ-2020 в Токио каждая сборная сможет заявить двух знаменосцев (орусча). «Р-Спорт» (4 -март (жалган куран) 2020).
- ↑ Жайкы Олимпиада оюндарында Кыргыздын желегин балбан Атабек Азисбеков көтөрүп чыгат. Super.kg. Текшерилген күнү 8 -июль (теке) 2021.
- ↑ Токио Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу барат. Акыркы тизме. Sputnik.kg. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2021.
- ↑ Дзюдочу Владимир Золоев Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Sputnik.kg. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2021.
- ↑ Российский дзюдоист Алан Хубецов выиграл стартовую схватку на Олимпиаде (орусча). «Риа Новости-Спорт» (27 -июль (теке) 2021).
- ↑ Дагы бир лицензия! Дарья Маслова Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо утту. Super.kg. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2021.
- ↑ Айаал Лазарев получил официальное приглашение на Олимпиаду в Токио. Спорт Якутии. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2021. (орусча)
- ↑ Каныкей Кубанычбекова завоевала лицензию на Олимпиаду в Токио. КТРК. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2021. Түп булактан архивделген күнү 23 -июль (теке) 2021. (орусча)
- ↑ Олимпиада в Токио. Каныкей Кубанычбекова заняла 48-е место по пулевой стрельбе. 24.kg. Текшерилген күнү 24 -июль (теке) 2021.
- ↑ Fencing Zonal Qualifying Event for Asia-Oceania Finishes in Tashkent, International Fencing Federation (26 апрель 2021).
- ↑ Фехтование боюнча спортчу Роман Петров Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Sputnik.kg. Текшерилген күнү 26 Апрель 2021.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын улуттук олимпиада комитети Archived 2014-01-12 at the Wayback Machine (орусча)
- "ТОКИО-2020" ДҮЙНӨЛҮК ЖАЙКЫ ОЛИМПИАДА БОЮНЧА БАРДЫК КАБАРЛАР ТОПТОМУ (кырг.)