Дүйшөнбек Байдөбөтов
Дүйшөнбек Байдөбөтов | |
Туулган жылы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Үз-эмчек айылы, Ысык-Ата району, Чүй облусу, Кыргыз ССРи, СССР, (Кыргызстан) |
Каза болгон жылы: |
7 июль 2018 |
Каза болгон жери: |
Бишкек Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: |
актёр, театр артисти |
Жарандыгы: | |
Театр: |
«Ош кыргыз драма» театры, Кыргыз республикалык жаштар театры (ТЮЗ), Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры |
Ролдору: |
«Мен Тянь-Шань» (Ильяз), «Айсулуунун талаасы» (Сабыр), «Каныбек» (Түлкүбек), «Акбаранын көз жашы» (Базарбай), «Саманчынын жолу» (Субанкул), «Кайчы жолдор» (Хан), «Белгисиз маршрут» (Айдоочу), «Курманжан датка» (Манасчы) |
Спектаклдери: |
«Курманбек» (Курманбек), «Барпы ырчы» (Барпы), «Коммунист Танабай» (Танабай), «Отелло» (Отелло), «Дарак түбүндөгү махабат» (Кэбот) |
Сыйлыктары: |
Кыргыз Республикасынын эл артисти |
Дүйшөнбек Окошович Байдөбөтов – театр жана ��ино артисти.
Өмүр баяны
Байдөбөтов, Дүйшөнбектин атасы Окош молдо адам болгон.
Дүйшөнбектин балалыгы өз айылында өтсө дагы, орто мектепти Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) аяктаган.
Фрунзеде мектепте окуп жүргөн чагында эле Дүйшөнбек артист болууну эңсеп, Кыргызстан Театрлар Коомунун алдыгдагы Кыргыз ССРинин эл артисти Абдыашым Көбөгөнов жетектеген драмылык студияга активдүү катышкан.
Мектепти аяктагандан кийин 1966-жылы артист болом деп тоолуу Алай элдик театрына иштөөгө кетет.
Бирок, бир жылдан кийин эле Дүйшөнбек өзүнө окшогон курбалдаш кыргыз-улан кыздары менен Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусствосу институтуна (ГИТИС) окууга өтөт.
ГИТИСти 1972-жылы акятап келип, курбулары менен Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн чечими боюнча Ош шаарында жаңыдан уюушулган Кыргыз драма театрына артист болуп кабыл алынат.
Бул театрда он жети жыл эмгектенгенден кийин Д. Байдөбөтов Кыргызстандын ал кездеги борбор шаары Фрунзеге которулуп келип, Кыргыз мамлекеттик жаштар театрына (ТЮЗ) кызматка алынат.
1991-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кирет.
мамлекеттик академиялык драма театрынын театр окууу жайына келип кирет.
Ошондон ушул кезге чейин Дүйшөнбек ушул театрыда ийгиликтүү эмгектенип келе жатат.
Чыгармачылыгы
Дүйшөнбек Байдөбөтов трагедияны да, комедияны да катыра ойногон, чыгармачылык кудурети кеңири, инсандык масштабы бийик актер.
Ал жараткан образдар кыргыз журтчулугун гана эмес борбордук театр адистерин да суктанткан учурлар болгон. Маселен, 1983-жылы Ош кыргыз драма театры Жаштардын чыгармачылыгынын Бүткүл союздук театр фестивалына Ч.Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" чыгармасынын негизинде коюлган спектакль менен катышканда (режиссеру И.Рыскулов), Д.Байдөбөтов Органдын ролун ойноп барган. Ошондо СССРдин арн кайсы жагынан келген театр адистери бир ооздон анын Органын "образец перевоплощения" деп суктана мүнөздөшкөн.
Театрдагы негизги ролдору
- Курманбек (К.Жантөшев, “Курманбек”)
- Барон ( Максим Горький, “Түпкүрдө”)
- Жигит башы (Т.Абдумомунов, “Алдар-көсө”)
- Учкуч ( Антуан-де-Сент-Экзюпери, “Кичинекей ханзада”)
- Беккингем (Шекспир, “Ричард III”)
- Орган ( Ч.Айтматов, “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт”)
- Ысмайыл (Ч. Айтматов, “Бетме-Бет”)
- Ашырбай (Т.Абдумомунов, “Ашырбай”)
- Ырамандын ырчысы (Ж.Кулмамбетов), “Кагылайын, Манасым!”)
- Малтабар (Ж.Кулмамбетов, “Жөн эле Майраш”)
- Көбөш (Ж.Садыков, “Манастын улуу Семетей”)
- Акылбек (Б.Жакиев, “Атанын тагдыры”)
- Шабдан (Ж. Садыков, “Өмүр жана өкүнүч”)
- Субанкул (Ч.Айтматов, "Саманчынын жолу")
- Ормон хан (Ж.Садыков, “Ормон хан”)
- Карыя (Б.Жакиев, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”)
- Cанжы сынчы (Каныбек Иманалиев, “Туу жыгаар”) жана башкалар.
Кинодогу ролдору
Илияс (“Я – Тянь-Шань”)
Базарбай (“Акбаранын көз жашы” )
Токтогул (“Токтогул”)
Наамдары жана сыйлыктары
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1977).
Кыргызстандын эл артисти (1987).
Колдонулган адабияттар
- Ж.Кулмамбетов "Театр дүйнөсүндө", Фрунзе, "Кыргызстан", 1987.
- Манас энциклопедия, 1-том, Бишкек, 1995-ж.
- Чүй облусу, энциклопедия. Бишкек, 1995-ж.
Интернет шилтемелер
- Арип боюнча инсандар
- Туулгандар 5 -январь (үчтүн айы)
- Туулгандар 1949-жылы
- Арип боюнча актёрлор
- СССРдин актёрлору
- Кыргызстандын актёрлору
- Инсандар арип менен
- Сүрөттөрү жок маданият ишмерлери тууралуу макалалар
- Актёрлор
- Кыргыз таануу
- Кыргызстан
- Инсандар
- Кыргыз театры
- Кыргыз киносу
- Чүй облусу
- Театр
- Маданият
- Кыргыз маданияты
- Көркөм өнөр
- Искусство