Иман Хелиф
Иман Хелиф | |
Жеке маалыматы | |
---|---|
Жынысы |
Аял |
Жарандыгы | |
Чеберчилиги |
Бокс |
Төрөлгөн датасы | |
Төрөлгөн жери |
Тиарет, Алжир |
Бою |
1.78 см |
Салмагы |
66 кг |
| |
Imane Khelif |
Иман Хелиф (ар. إيمان خليف) —Алжирлик спортчу, бокс боюнча спорт чебери. 2020 жана 2024-жылкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу[1].
2023-жылы эл аралык бокс ассоциациясы 2022 жана 2023-жылдары эки көз карандысыз лаборатория тарабынан жынысын аныктоо сыноолорунан өтпөй калгандыктан, Хелифке аялдардын бокс боюнча мелдештерине катышууга тыюу салган[2][3].Бирок эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) жана Paris Boxing Unit[4], Эл аралык бокс ассоциациясынын чечиминен сырткары, спортчунун башка критерийлерин карап чыгып, Хелифке 2024-жылкы Олимпиада оюндарында аялдар арасындагы бокс боюнча мелдешке катышууга уруксат берген[5].
2024-жылкы Олимпиадада италиялык Анжела Карини жеңгенден кийин, спортчу трансгендер же интерсекс деген ырасталбаган айыптоолордон улам интернетте куугунтукка кабылган[6].
Өмүр баяны
Иман Хелиф 1999-жылы 2-майда Алжирдин түндүк-батышындагы Тиарет провинциясында туулган. Балалыгы айылда өткөн. Ал айылдык балдар менен чогуу футбол ойноп жүрүп, кийин бокс менен алектенүүгө киришкен. Машыгуу үчүн коңшу айылга барууга туура келип, автобустун жол акысына темир калдыктарын сатып акча кылган. Атасы анын бокс менен алектенүүсүнө каршы болуп келген.
2018-жылы кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда Хелиф биринчи раундда казакстандык Карина Ибрагимовадан утулуп, 17-орунга ээ болгон. Ал эми 2019-жылы дүйнө чемпиондугунда орусиялык Наталья Шадринадан утулуп калгандан кийин 33- орунга ээ болгон.
Булактар
- ↑ Imane Khelif. Olympics.
- ↑ Statement made by the International Boxing Association regarding Athletes Disqualifications in World Boxing Championships 2023. Эл аралык бокс ассоциациясы (31 -июль (теке) 2024).
- ↑ IBA исключила из чемпионата мира спортсменов, которые пытались выдать себя за женщин. ТАСС (25 -март (жалган куран) 2023).
- ↑ https://www.sportmk.ru/sports/2024/08/02/mok-i-paris-boxing-unit-podderzhali-provalivshikh-gendernyy-test-boksersh.html
- ↑ Joint Paris 2024 Boxing Unit/IOC Statement (2 August 2024).
- ↑ Tanner Stening. Olympic boxing controversy sparks debate: Is gender eligibility testing in sports fair or flawed? (2 August 2024).