Гондурас
Гондурас | |||||
| |||||
Урааны: «Libre, Soberana e Independiente (Эркин, суверендүү жана көз карандысыз)» | |||||
Гимн: «Tu bandera es un lampo de cielo» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 15-сентябрь 1821-жыл
( Испаниядан) | ||||
Расмий тили | испан тили | ||||
Борбор шаары | Тегусигальпа | ||||
Ири шаарлар | Тегусигальпа | ||||
Башкаруу формасы | Президенттик башкаруу | ||||
Президент Вице-президент |
Сиомара Кастро Сальвадор Насралла | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы |
101-орун - дүйнөдө 112 492 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы |
9,571,352 адам (95-орун) 85 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
75,030 млрд $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
33,992 млрд $ 3,245 $ | ||||
АДӨИ | ▲ 0,623 (жогору) (132-орун) | ||||
Этнохороним | гондурастык, гондурастыктар | ||||
Акча бирдиги | Гондурас лемпирасы (HNL, код 340) | ||||
Домени | .hn | ||||
ISO коду | HN | ||||
ЭОК коду | HON | ||||
Телефон коду | +504 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC -06:00 | ||||
Гондурас (исп. Honduras), расмий аталышы — Гондурас Республикасы (исп. República de Honduras) — Борбордук Америкада жайгашкан мамлекет.
Борбору — Тегусигальпа шаары (1880-жылга чейин борбору Комаягуа шаары болгон)[1]. Мурунку убактарда бул мамлекет Британия Гондурасынан (азыркы Белиз) алмаштырбоо үчүн Испания Гондурасы деп аталган[2].
Түштүк-чыгышынан Никарагуа, түштүк-батышынан Сальвадор жана батышынан Гватемала менен чектешет[3].
Түндүгүнөн Кариб деңизинин суулары жана түштүгүнөн Тынч океанынын (Фонсека булуңу) суулары менен чулганат. Аянты жана калкы боюнча Борбордук Америкада Никарагуа менен Гватемаладан кийинки үчүнчү орунда турат[3].
Испан тили — расмий тили. Гондурастын аянты 112 492 км² жана калкынын саны 9,571,352 адам[4].
Акча бирдиги — гондурас лемпирасы[5].
Этимология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Испан тилинен которгондо honduras («ондурас») «тереңдик» дегенди билдирет. Бир уламышка ылайык, өлкөнүн аталышы Христофор Колумбдун 1502-жылы Жаңы Дүйнөгө акыркы, төртүнчү саякатында айткан сөзүнөн келип чыккан. Анын кемеси катуу бороонго кабылып, бороондон эсен-соо чыкканда ал: «Gracias a Dios que hemos salido de esas honduras!» («Ушул тереңдиктен чыкканыбыз үчүн Кудайга алкыш!») деп айткан[6]. Бул фраза Кабо-Грасьяс-а-Дьос («Кудайга алкыш») тумшугуна, кийин Грасьяс-а-Дьос департаментине жана Гондурас (Honduras) өлкөсүнө аталыш болуп калган. XVI кылымдын аягына чейин Гондурас деп Кабо-Грасьяс-а-Дьос тумшугунун чыгыш бөлүгү гана аталып келген, кийин бул аталыш аты бүткүл аймакка тийиштүү болуп калган.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байыркы убакта гондураста майя, ленка, отоми-манге, мискито-матагальпа сыяктуу түпкүлүктүү америкалык уруулар жашаган. Бул уруулар негизинен балык уулоо жана аңчылык менен алектенишкен[7].
Б.з.ч. II миң жылдыкта жазуу, кол өнөрчүлүгү жана армиясы жакшы өнүккөн майялар башка индейлерди кургакчыл же түшүмдүлүгү аз жерлерге көчүрүшкөн. Азыркы Гондураста майянын ири борборлорунун бири болгон Копан шаары жайгашкан. Бирок, IX кылымда, белгисиз себептерден улам, майялар аны таштап, Юкатан жарым аралына көчүп кетишкен. Копан шаарынын калдыктарын Мексикалык археологдор 1839-жылы табышкан[7].
Колониялык мезгил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1502-жылы Христофор Колумб Гондурастын түндүк жээгин ачат жана 22 жылдан кийин анын толук басып алынышы башталат. Алтын жана күмүш издеген конкистадорлор Мексиканын багыдыруучусу Эрнан Кортестин буйругу менен 1524-жылы Гондурас жеринде испан падышасынын жетекчилигин орнотушкан. Ал жерден тапкан күмүш кендеринен алыс эмес жерлерде калктуу конуштарды түзүшкөн[7].
1536-жылы индейлержин башчысы Лемпира испан колонизаторлоруна каршы согуш баштаган. Бирок, ал жеңилип калып, согушка каза болгон. Лемпира согушта каза болгондон кийин анын тобу толугу менен ыдыраган.
XVI кылымдын ортосунан баштап Гондурас Гватемала генерал-капитансовсунун бир бөлүгү болуп калган. Ошол мезгилде гондураста феодалдык түзүлүш пайда болуп, менчиктиктердин көпчүлүгү испандыктарга таандык болгон[7].
XVII кылымдын башында күмүш казып алуу Гондурастын экономикасынын негизин түзгөн жана көптөгөн кендер келечектеги борбор шаары болуп калуучу Тегусигальпа шаарына жакын жайгашышкан. XVII-XVII кылымдарда испан колонизаторлору өлкөгө негр кулдарды алып келе башташкан жана индейлер менен испандардын ортосундагы никеден туулган метистер Гватемаладан Гондураска көчүп келе башташкан.
XVI-XVII кылымдарда Кариб деңизинде англис, голланд жана француз каракчыларынын чабуулдары тез-тез болгон. Алар ошондой эле Гондурастын түндүк жээгин басып алууну бир нече жолу уюштурушкан. Айрым божомолдор боюнча, каракчылар тарабынан барымтага алынган капитан Уильям Кидд Гондурастын жанындагы аралдардын биринде жашырылган.
XIX кылым
[түзөтүү | булагын түзөтүү]XIX кылымда Гондурас америкалык испандарга каршы согуштун борборлорунун бири болуп, 1821-жылдын 15-сентябрында Гондурас көз карандысыздыгын жарыялаган. Дал ушул мезгилде Гондураста түрдүү саясий партиялар пайда болгон, анын ичинде консервативдүү жер ээлеринин жана либералдык буржуазиянын саясий партиялары калыптанган. Бул эки партиянын ортосунда байма-бай атаандаштык болуп, аягында онсервативдүү жер ээлери жеңишке жетип, 1821-жылы Гондурас Мексика империясынын бир бөлүгү болуп калган[8].
1823-жылы Гондурас Борбордук Американын Бириккен провинцияларынын курамына кирген. Ошентсе да либералдар менен консерваторлордун күрөшү бүтө элек болгон. Либералдардын негизги максаты федералдык бийликти, таптык артыкчылыктарды жоюу жана жер реформасын жасоо болгон, ал эми консерваторлордун негизги максаты феодалдардын жана дин кызматчыларынын артыкчылыктарын колдоо менен унитардык түзүлүштү орнотуу болгон[8].
Гондурастын генералы Франсиско Моразан Федерациянын түзүлүшүн орнотууга алып келген жарандык согушта чоң роль ойногон. 1829-жылы ал жетектеген армия Гватемала шаарын басып алган. Ушул эле жылы федералдык конституция жаңыланып, Морасан Федерациянын президенти болуп шайланат. Саясий талаада сындай окуяларга карабастан, дайыма болуп турган чыр-чатактар 1838-жылы Федерациянын жоюлушуна жана Гондурастын кайрадан көз карандысыздыгын жарыялоого алып келген. 1839-жылы январда Гондурастын биринчи конституциясы кабыл алынган[8].
Өзүн Борбордук Америка Федерациясынын президенти деп эсептеген генерал Морасан Сальвадор өз позициясын бекемдеп, армиясынын күчүн пайдаланып Борбордук Американы толугу менен башкарууга аракет кылган. Бирок 1842-жылы гондурастыктарга туткунга түшүп, атып олтүрүлгөн.
Либералдар менен консерваторлордун ортосундагы кагылуушулар жана бийлик үчүн күрөштүн кесепетинен улам, кийинки бир нече ондогон жылдар ичинде Гондурастын коңшу өлкөлөргө каршы согушуусу жана өз аймагындагы бир нече жарандык согуштарга алып келген[8][9].
XIX кылымдын аягында Гондураска чет элдик инвестициялардын агымы арбыган жана айыл чарбасы өнүгүп, деңиз порттору жана жолдор курулган[8].
XX кылым
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1954-жылдын май айында жумушчулардын нааразычылыгынан улам «Юнайтед Фрут Компани» компаниясы талаптары канааттандырууга аргасыз болгон. Бул окуялар саясий талаада кандайдыр бир туруксуздукту жараткан. 1954-жылдагы президенттик шайлоодо либерал Вильеда Моралес жеңип, бирок бул шайлоонун жыйынтыгы адилетсиз деп табылып, анын ордуна вице-президент Лозано Диас президенттик кызматты убактылуу аркарган. Өлкөдө дүрбөлөң уланып, 1956-жылдын октябрында аскердик төңкөрүш болуп, өлкөнү аскердик хунта башкарып калган[9].
1957-жылы Вильеда Моралес шайлоодо кайрадан жеңишке жеткен, бирок анын администрациясы кабыл алган чечимдерге макул болбогон армиянын жетекчилери 1963-жылы октябрда анын өкмөтү отставкага кетирип, полковник Освальдо Лопес Арелланону Гондурастын башчысы кылып дайындашкан[9].
1965-жылдын февраль айында аскердик хунта шайлоо өткөргөн. Шайлоода консерваторлор жеңип,ассамблея буга чейин башкарган Лопес Арелланону президент кылып дайындаган. Кайрадан президент болгон Освальдо Лопес Арельяно басма сөз булактарына, массалык маалымат каржатарына цензура орнотуп, демократиялык уюмдарды куугунтуктап, өзүнүн жана либералдык партиядан башка бардык саясий партияларга тыюу салуу менен диктатураны орното баштаган.
1969-жылы июлда Сальвадор менен Гондурастын ортосунда Футбол согушу» деп аталган куралдуу кагылышуу болгон. Натыйжасында Освальдо Лопес Арельяного режимин либералдаштырууга туура келет. 1971-жылдын январында либералдык жана консервативдик партиялардын ортосунда эки партиялык тутумду түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Ошол эле жылдын июнь айында болгон президенттик шайлоодо консерватор Рамон Эрнесто Крус Уклес жеңип чыгат.
1981-жылы ноябрда Гондурас жарандык башкарууга кайтып келгенин, бирок ага карабастан аскерлердин саясатка болгон таасири сакталып калган. Азыр, 1982-жылдын 20-январында кабыл алынган Конституциясы күчүндө[9].
1993-жылы Карлос Роберто Рейна, 1998-жылы Карлос Роберто Флорес Гондурастын президенти болуп шайланган[9].
XXI кылым
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2007-жылы Гондурастын президенти Мануэль Селайя жана АКШнын президенти Жорж Буш АКШнын атайын күчтөрүн колдону менен АКШнын Гондураска жардам берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташкан. Бул АКШнын Борбордук Америкадагы аскерлеринин жайгаштыруунун баштапкы чекити болуп калган[10].
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гондурас Борбордук Америкада жайгашкан жана Борбордук Америка моюнунун түндүк бөлүгүн ээлейт. Түштүгүндө Гондурас Никарагуа, батышында Гватемала, түштүк-батышында Сальвадор менен чектешет. Түндүгүндө жана чыгышында Кариб деңизи жана анын Гондурас булуңу менен, түштүк-батышында Тынч океанынын Фонсека булуңу менен чулганып жатат. Өлкөнүн курамына Кариб деңизиндеги жана Фонсека булуңундагы көптөгөн аралдар, анын ичинде түндүк-чыгышындагы алыскы Сисне аралдары кирет.
Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн бийиктиги 2870 метрге чейин жеткан тоолуу аймактар түзөт, негизинен архей кристаллдык жана метаморфикалык тектерден турат, ал эми түштүгүндө кайнозой лаваларынан турган тектер басымдураак кылыт.
Саясий түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1982-жылдагы Конституцияга ылайык, Гондурас унитардык президенттик республика. Бийликти бөлүштүрүү принциби орнотулган.
Аткаруу бийлиги эл тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланган мамлекет башчысына — президентке таандык. Президент ошондой эле өкмөттү жетектейт. Өкмөттүн курамына мамлекеттик министрликтер кирет. Ошондой үч вице-президенттин кызмат орду Конституцияда каралган.
Мыйзам чыгаруучу орган Улуттук Конгресс, эл тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланган128 депутаттан турат.
Сот бийлиги, 9 мүчөдөн жана 7 орун ба��арларынан турган Жогорку сот, ошондой эле жергиликтүү соттордон турат. Жогорку соттун төрагасын жана мүчөлөрүн Улуттук Конгресс дайындайт.
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1971-жылдан бери Гондурастын аймагы 18 департаментке жана 1 борбордук округга бөлүнөт. Ар бир департаментти губернатор жетектейт, ага муниципалитеттердин башчылары бай ийишет (жалпы саны 298). Муниципалитеттердин башчылары өлкөнүн 3731 калктуу конушун жана 27 969 айылын башкарат.
Борбору болгон Тегусигальпа шаары жана анын жанындагы, дарыянын башка өйүзүндө жайгашкан Комаягуэла Борбордук федералдык окруду түзүп атайын мыйзамдар менен башкарылат.
Департамент
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Борбордук округ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Округ
(Франсиско Морасан департоменти менен курчалган) |
Борбору | Аянты,
км² |
Калкы,
(2006) адам |
Калкынын жыштыгы,
адам/км² |
---|---|---|---|---|
Борбордук | Тегусигальпа | 1648 | 850 227 | 515,91 |
Калк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2021-жылы Гондурастын калкынын саны 10 278 345 адамга жеткен[11]. 2010-жылы 15 жашка чейинки калктын үлүшү 36,8%, 15-65 жаштагылардын үлүшү 58,9% жана 65 жаштан улуулардын үлүшү 4,3% болгон[12].
1975-жылдан бери Гондурастан кеткендердин санынын өсүүшү тездеген. Миграциянын негизги себеби болуп экономикалык маселелер эсептелет. Чет өлкөлөргө кеткен гондурастыктардын көбү Америка Кошмо Штаттарында жашашат. 2012-жылы АКШнын Мамлекеттик департаментинин эсеби боюнча, ошол учурда АКШда 800,000 ден бир миллионго чейин сандагы гондурастыктар жашаган, бул Гондурас калкынын дээрлик 15% түзөт дегенди билдирген[13]. 2010-жылдагы эл каттоодо АКШда 617 392 гондурастык жашаганы аныкталган, бирок бул так маалымат эмес, АКШда миграцияда жүргөн гондурастыктардын көпчүлүк бөлүгү мыйзамсыз жана визасыз чек арадан өткөндөр[14].
Этникалык жана расалык курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гондурас калкынын 90% метистер, 7% америкалык индейлер, 2% негрлер жана 1% актар түзөт[15]. 1927-жылдагы Гондурастагы эл каттоодо расалык маалыматтар такталган эмес, бирок 1930-��ылы эл катоо учурунда калкытын этникалык жана расалык курамы боюнча беш классификация түзүлгөн: актар, индейлер, негрлер, сарылар жана метистер[16]. Бул система 1935-жылкы жана 1940-жылкы эл каттоодо колдонулган[16].
Тил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гондурастагылардын дээрлик баары испан тилин расмий, улуттук тил катары колдонушат. Айрым чакан шаарларда испан тилинен тышкары бир нече жергиликтүү тилдер да колдонулат. Айрымдар жаңдоо тилин жана Бей аралдарындагы креол англис тилин да колдонушат[17].
Негизги жергиликтүү тилдер[17]:
- Гарифуна (Аравак тилдери)
- Мискито (Мисумальпа тилдери)
- Майангна (Мисумальпа тилдери)
- Пайа (Чибча тилдери)
- Тол (Хикак тилдери)
- Чорти (Майя тилдери)
Иммигранттар тарабынан эң көп колдонулган тилдери[17]:
- Араб тили (42000 адам)
- Армян тили (1300)
- Түрк тили (900)
- Кытай тили (1000)
Диний курам
[түзөтүү | булагын түзөтүү]47%—католиктер, 41%—протестанттар, башка диндер — 3%. Калктын 8% өздөрүн динге ишенбейбиз деп жарыялап, 1% суроого жооп берген эмес[18]. 1995-жылдан 2013-жылга чейин католиктердин саны 30% төмөндөгөн.
Экономика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Экономикасы негизинен айыл чарба жана кен казуу тармактарына багытталган, бирок акыркы жылдары кызмат көрсөтүүлөр жана өнөр жай тармактары да өсүп келе жатат. Өлкөнүн экономикасы агроөнөр жай өндүрүшүнө жана сырьё экспорттоого негизделген, бирок диверсификациянын төмөндүгүнө жана жогорку деңгээлде кедейчиликке, коррупцияга, табигый кырсыктарга жана коопсуздук көйгөйлөрүнө байланыштуу бир катар чакырыктарга туш болууда.
2023-жылдагы маалыматтар боюнча, Гондурастың ички дүң продукциясы (ИДП) 30 миллиард АКШ долларына жеткен. ИДПнын жан башына карата өлчөмү болжол менен 3,000 АКШ долларын түзүп, бул Гондурас өлкөсүн жакыр жана өнүгүп келе жаткан экономикалар катарында баалайт. Калкынын 60%дан ашыгы кедей жашашат.
Маданият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ажайып жайлары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гондурастын негизги кызыктуу жана тарыхый жерлери майя цивилизациясынын таш курулуштарынын урандылары болуп саналат. Гондурастын эң байыркы шаарларынын бири болгон Копанда пирамидалардын, храмдардын урандылары жана таш такталардарды жолуктурса болот[19]. Борбор шаарындагы Улуттук музейинде археологиялык эстеликтердин уникалдуу көргөзмөсү жайгашкан[19].
Социалдык тармагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Билим берүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Саясий туруксуздук жана аймактар арасындагы байланыш жолдорунун жоктугу билим берүүнүн жайылышын басаңдаткан. 1995-жылдагы расмий маалыматтар боюнча болжол менен бойго жеткен калктын 27% сабатсыз болгон. 7 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн акысыз жана милдеттүү окутуу киргизилгенине карабастан, окучулардын көпчүлүгү акча табуу үчүн мектепти таштоого аргасыз болушат. Мектепке баруу милдеттүү болгонуна карабастан, мектептен калган балдарды текшерүү иштери бир нукка салынган эмес. Орто мектептерде тиешелүү курактагы өспүрүмдөрдүн 31% гана барышкан.
2004-жылы билим багыттындагы статистикалык көрсөткүчтөр жакшырып, башталгыч класстарга тиешелүү курактагы балдардын мектепке тапшыруусу 94%, ал эми калктын сабаттуулугу 83,6% жеткен[20]. 2014-жылы башталгыч мектепти аяктоо көрсөткүчү 90,7% түзгөн[21]. Гондураста эки тилдүү (испан жана англис), ал тургай кээ бир окуу жайларынад үч тилдүү (испан, англис, араб же немис тилинде) мектептер окуу жайлар бар[22].
Саламаттыкты сактоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гондураста саламаттыкты сактоо системасы бир катар кыйынчылыктарга туш болууда, бирок өлкө саламаттыкты сактоо кызматтарынын сапатын жана калк үчүн саламаттыкты сактоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн аракеттерди көрүүдө[23].
Гондураста саламаттыкты сактоо коомдук жана жеке сектордон турган система катары уюштурулган[24]. Баштапкы медициналык-санитардык жардамга көңүл бурулат, бирок система ресурстардын чектелгендигине туш болуп, сапаттуу медициналык кызматтарга жетүүнү кыйындатат.
Саламаттыкты сактоо министрлиги (Secretaría de Salud) медициналык кызматтар менен, айрыкча айыл жериндеги калкка жеткиликтүүлүктү медицинаклык колдоону камсыз кылууга жооптуу. Бул система ошондой эле өлкө боюнча ооруканаларды, клиникаларды жана амбулаториялык борборлорду камтыйт. Өлкөнүн саламаттык сактоосунда эмдөө, жугуштуу оорулар менен күрөшүү жана санитардык абалды жакшыртуу боюнча улуттук программалар сыяктуу социалдык программалар маанилүү ролду ойнойт[23].
Жеке клиникалар жана ооруканалар жогорку сапаттагы медициналык кызматтарды көрсөтүшөт, бирок алардын кызматтары калктын чектелген катмарына, адатта, жеке медициналык кызматтарды төлөөгө мүмкүнчүлүгү барларга гана жеткиликтүү[24]. Жеке медициналык сектор ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга жана медициналык туризм туризм боюнча кызматтарды көрсөтөт.
Улуттук символдор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]-
-
Кызыл ара тоту кушу
-
Pinus oocarpa (Эркек кызыл карагай)
-
Ак куйрукту бугу
-
Rhyncholaelia digbyana орхидеясы
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Gráfico: Palmerola será el segundo aeropuerto más lejano de su capital en América Latina
- ↑ Archeological Investigations in the Bay Islands, Spanish Honduras
- ↑ 3.0 3.1 CIA. The World Factbook. Honduras - Geography
- ↑ Department of Economic and Social Affairs Population Division
- ↑ UN Operational Rates of Exchange
- ↑ History of Honduras
- ↑ 7.0 7.1 7.2 7.3 The World of Info. HONDURAS
- ↑ 8.0 8.1 8.2 8.3 8.4 Discover Central America Living. History of Honduras
- ↑ 9.0 9.1 9.2 9.3 9.4 Encyclopædia Britannica. History of Honduras
- ↑ Honduras Becomes U.S. Military Foothold for Central America
- ↑ UN. Department of Economic and Social Affairs Population Division
- ↑ The 2010 Revision of the World Population Prospects
- ↑ U.S. Relations With Honduras
- ↑ American FactFinder (AFF)
- ↑ CIA. The World Factbook. Honduras
- ↑ 16.0 16.1 Marylee Mason Vandiver. This system was used in the 1935 and 1940 census
- ↑ 17.0 17.1 17.2 Ethnologue: Languages of Honduras, Seventeenth edition data M. Paul Lewis, Gary F. Simons, and Charles D. Fennig, Editors
- ↑ International Religious Freedom Report 2008. Honduras
- ↑ 19.0 19.1 Museum of the History of the Republic of Honduras
- ↑ 2007/2008 Human Development Report. Honduras
- ↑ Primary completion rate, total (% of relevant age group) - Honduras
- ↑ Hondureños bilingües tendrán más ventajas
- ↑ 23.0 23.1 WHO Region: Region of the Americas - Honduras
- ↑ 24.0 24.1 HRMI
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түндүк Америка мамлекеттери | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Антигуа жана Барбуда • Багама аралдары • Барбадос • Белиз • Гаити • Гватемала • Гондурас • Гренада • Доминика • Доминикана Республикасы • Канада • Коста-Рика • Куба • Мексика • Никарагуа • Панама • Сальвадор • Сент-Люсия • Сент-Винсент жана Гренадиндер • Сент-Китс жана Невис • АКШ • Тринидад жана Тобаго • Жамайка | |
Көз каранды аймактар | Америка Виржин аралдары • Ангилья • Аруба • Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба • Британия Виржин аралдары • Гваделупа • Гренландия • Кайман аралдары • Клиппертон • Кюрасао • Мартиника • Монтсеррат • Навасса • Пуэрто-Рико • Сан-Андрес жана Провиденсия • Сен-Бартелеми • Сен-Мартен • Сен-Пьер жана Микелон • Синт-Мартен • Теркс жана Кайкос аралдары • Венесуэланын федералдык ээликтери |