Югославия
Югославия (серб-хорв. Jugoslavija)— 1918-ж. негизделип, 2006-ж. чейин өкүм сүргөн мамлекет. 1918-жылы 1-декабрда Югославия аймагында Хорватия, Словения, Босния жана Герцеговина, Далмация жана Воеводина мамлекеттери түзүлгөн.
Югославия серб. Југославија хорв. Jugoslavija макед. Југославија монте. Југославија босн. Југославија / Jugoslavija слов. Jugoslavija бириккен мамлекет унитардык мамлекет (1918—1941) федеративдүү мамлекет | |||||||||
| |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||||
Ураан «Hej, Sloveni! / Хеј, Словени!» | |||||||||
Гимн «Hej, Sloveni! / Хеј, Словени!» которулганда, «Эй, Славдар!» | |||||||||
Борбор калаа | Белград | ||||||||
Ири шаарлары | Белград, Загреб, Сараево | ||||||||
Тил | Серб-хорват тили, Македон тили, Словен тили | ||||||||
Дин | динсиз мамлекет | ||||||||
Акча бирдиги | Югослав динары | ||||||||
Аянт | 255 950 км2 (1989) | ||||||||
Калк | 23,72 млн киши (1989) | ||||||||
Падыша | |||||||||
- 1918—1921 (биринчи) | Пётр I | ||||||||
Президент | |||||||||
- 2000—2003 | Воислав Коштуница (аяңкы) | ||||||||
Өтүүчүлүк | |||||||||
← Хорват, Словен, Сербдердин мамлекети ← Сербия Королдугу Сербия жана Монтенегро → Словения → Хорватия → Түндүк Македония → Босния жана Герцеговина Республикасы → |
Тарыхы
түзөтүүЭкинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1945-ж. 29-ноябрда Ю. социалисттик федерация (ЮСФ) болуп түзүлүп, курамына алты бириккен республика (Сербия (Воеводина, Косово жана Метохия), Түндүк Македония, Словения, Хорватия жана Босния жана Герцеговина) кирген.
1946-ж. Югославия Федеративдик Эл Республикалык (ЮФЭР), 1963-ж. Социалисттик Федерациялык Югославия Республикалык (ЮСФР) деп аталган. 1991-92-ж. жарандык согуштун мезгилиңце ЮСФР кулап, беш көз карандысыз мамлекет: Словения Республикалык (к. Словения), Босния жана Герцеговина Республикалык (к. Босния жана Герцеговина), Хорватия Республикалык (к. Хорватия), Македония Республикалык (к. Македония) жана Югославия Союздук Республикалык тузүлүп, курамына Сербия (к. Сербия) жана Черногория (к. Черногория), эки автономиялык край - Воеводина жана Косово менен Метохия (1969-жылдан Косово) кирген. 2006-ж. 3-июнда референдумдун негизинде Черногориянын көз карандысыздыгы жарыяланып, союздун курамынан чыгышы менен Югославия жашоосун токтоткон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4