Бөкөнбаев
(«Бөкөнбаев кыштагы» ��арагынан багытталды)
Бөкөнбаев ― Тоң районунун жана Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн борбору, кыштак. 1912-жылы негизделген. Ысык-Көлдүн түшүгүндө Балыкчы–Каракол автомобиль жолунун боюнда Балыкчы темир жол бекетинен 88 км аралыкта жайгашкан. Үч орто мектеп, музыка жана спорт мектептери, кесиптик-техникалык окуу жайы, маданият үйү, оорукана,бейтапкана, китепкана, бала бакча жана калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө мекемелери жана башкалар бар. Кыштак белгилүү акын жана драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин урматына аталган. 1944-ж. чейин Кольцовка деп аталган.
Айыл
Бөкөнбаев
|
Калкы
түзөтүүКалкы ― 14 267 (2021-жылы)[1]. Негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенишет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз улуттук энциклопедиясы