Соломон аралдарынын доллары
Соломон аралдарынын доллары (белгиси: SBD; коду: 090) — Соломон аралдарынын улуттук валютасы[1]. 1 соломон аралдарынын доллары 100 центтен турат.
Соломон аралдарынын доллары (кырг.) | |||||
---|---|---|---|---|---|
Solomon Islands Dollar (аңгл.) | |||||
| |||||
Коддор жана белгилер | |||||
ISO 4217 коддору | SBD (090) | ||||
Символдор | SBD | ||||
Жүгүртүү чегарасы | |||||
Эмитент | Соломон аралдары | ||||
Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||||
Бөлчөктүү | Цент (1⁄100) | ||||
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||||
Монеталар | 10, 20, 50 цент жана 1, 2 доллар | ||||
Банкноттор | 5, 10, 20, 50, 100 доллар | ||||
Тарыхы | |||||
Киргизүү этабы | 24.10.1975—01.10.1976 | ||||
Мурда колдонулган валюта | Австралия доллары | ||||
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||||
Эмиссиялык борбор | Соломон аралдарынын улуттук банкы | ||||
www.cbsi.com.sb | |||||
Банкнота өңдүрүүчү | De La Rue | ||||
www.delarue.com | |||||
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||||
Соломон аралдарынын доллары Уикиказынада |
Тарыхы
түзөтүүБритан бийлигинин астындагы жылдарда Соломон аралдарынын расмий акча бирдиги болуп соломон аралдарынын фунту, андан кийин австралия фунту жана австралия доллары болгон.
Соломон аралдары доллары 1977-жылдын 24-октябрынан баштап австралия долларынын ордуна жүгүртүлө баштаган[2]. Валютанын аталышы Австралия валютасынын урматынан коюлган[3].
1978-жылы эгемендүүлүк алгандан тартып жаңы валюта жаш мамлекеттин расмий акча бирдиги болуп калган. Эки жыл боюу соломон аралдарынын доллары австралия долларына байланган.
1983-жылы Соломон аралдарынын Өкмөтү жергиликтүү валютанын курсун австралия долларына барабар деп бекитип, валютанын кунун бекемдөөгө жетишкен. 1997-жылы декабрда Өкмөт АКШ долларына карата 20% девальвация жүргүзгөн[4].
Монеталар
түзөтүү2006-жылы Соломон аралдарынын Борбордук банкы 1 жана 2 центтик монеталарды чыгарууну токтоткон, анткени металлдын баасы кыйла жогорулап кеткен. 2012-жылы чыкан монеталардын акыркы сериясы 10, 20, 50 цент, ошондой эле 1 жана 2 доллар номиналдарынан турат.
-
1 цент, реверс
-
2 цента, реверс
Банкноттор
түзөтүү1977-жылы 2, 5 жана 10 доллар номиналындагы, 1981-жылы 20 доллар номиналындагы, 1986-жылы 50 доллар номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыккан. Купюралардын бир бөлүгү полимердин негизиндеги материалдарга басылган. 1986-жылга чейин чыгарылган банкноттордо англиянын ханышасы Елизавета II портрети чагылдырылган. 1986-жылдан кийин Соломон аралдарынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн купюралар жүгүртүүгө чыгарылган[5].
2006-жылы Соломон аралдарынын Борбордук банкы 100 долларлык купюраны чыгарган. Жаңы купюраны жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө чечим Борбордук банктын сактоочу жайында накталай купюралардын азайышына байланыштуу кабыл алынган[5].
Сүрөт | Номинал (кин) |
Өлчөмү
(мм) |
Түсү | Сүрөттөөмөсү | Чыгарылган күнү | ||
---|---|---|---|---|---|---|---|
Алдыңкы бети
(аверс) |
Арткы бети
(реверс) |
Алдыңкы бети [1] | Арткы бети [2] | ||||
2 | Жашыл | Соломон аралдарынын герби | Балыкчылар | 2006 | |||
5 | Көк | Соломон аралдарынын герби | Кайык | 2004 | |||
10 | Кызгылт | Соломон аралдарынын герби | Токуучу | 2005 | |||
20 | Күрөң | Соломон аралдарынын герби | Жоокерлер | 2004 | |||
50 | Жашыл | Соломон аралдарынын герби | Геккондор | 2005 | |||
100 | Ачык күрөң | Соломон аралдарынын герби | Кокос жыйноо | 2006 | |||
Алмаштыруу курсунун режими
түзөтүүБазардагы курсу |
---|
Google Finance (.../SBD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Yahoo! Finance (.../SBD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
XE.com (.../SBD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
OANDA.com (.../SBD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |